Уикипедия: тууралуу

Wikipedia дан
Кыргыз Уикипедиясы учурда :
Уикипедия 1.26wmf21 (8776d55) версиядагы MediaWiki кыймылдаткычында иштейт.
Уикипедияда бардыгы 39,475 макала жана 53,856 барак бар.
Уикипедияда 215,041 оңдоп-түзөө жасалды.
Уикипедияга 2,647 файл жүктөлдү.
Уикипедияга 3 администраторду кошкондо 11,585 колдонуучу катталышты.
Статистика 5 Сентябрь (Аяк оона) 2015

Кыргыз тилиндеги Уикипедия — Жер шарынын бүткүл тилдериндеги бир бүтүн энциклопедия түзүү максатын көздөгөн көп тилдүү проекттин бир бөлүгү.

Уикипедияда борбордук редакциялык кеңешме дагы, башкы редактор дагы жок. Ал болгону дүйнөнүн туш тарабындагы ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып, толукталып жазылып дээрлик толугу менен башкарылып турат.

Уикипедия жүз-миңдеген кайыр кылып берүүчүлөр тарабынан демөөрлөнгөн жеке менчик коммерциялык эмес мекемеге таандык.

Уикипедия жарнамасыз жана акысыз сервис болуп саналат, жана андагы бар маалыматты ким болсо издей алат.

Издегениңизди таппай койдуңузбу ? Капа болбоңуз! Уикипедияга бир канча убакыттан соң кайра дагы баш багып көрүңүз — балким, сизди кызыктырган маалымат да жазылып калаар. Ага чейин, күткөнчөктү, өзүңүз деле бир-эки макала жаза салсаңыз болот, же болбосо, болгон макалалардан тапкан каталарын оңдоп турсаңыз деле болот!

«Жазган макаламды эми модераторлор жарыялагыча качан...»,- дейттирсиз. Уикипедияда модераторлор да жок! Ар бир кирүүчү каалаган макаланы оңдоп-түздөй алат.

Оңдоо терезесинин төмөн тарабында жайгашкан "баракты сактап кой" баскычын басаар замат өзгөртүүлөр башка кирүүчүлөргө көрүнүп калат. Катталыш дагы милдет эмес (бирок сунушталат).

Ошентсе да, оңдоп-түзөө алдында төмөнкү төрт эрежени эске алып коюңуздар:

1. Сураныч, автордук укук менен корголгон текст менен сүрөттөрдү жүктөбөңүздөр!

2.Уикипедия бул — энциклопедия, ошондуктан макалалар болушунча нейтралдуу болушу шарт.

3. Эгерде сиз талаш маселе боюнча макала жазып жатсаңыз, анда сизге белгилүү болгон бардык көз караштарды келтириңиз.

4. Эгерде сиз макала жайгаштырууну чечкен болсоңуз, алгач аныктама сөз аркылуу энциклопедиялардан караштырып издеп көрүңүз.

you suck

Тектеш Уикидолбоорлор Wikimedia-logo.svg[оңдоо | булагын оңдоо]


Wikipedia-logo-ky.png Уикипедия
Ачык энциклопедия
Wikibooks-logo.svg Уикикитеп
Окуу китептер
Wikiquote-logo.svg Уикицитата
Цитаталар жыйнагы
Wikisource-logo.svg Уикикана
Асыл нуска тексттер (азырынча даяр эмес)
Wikispecies-logo.svg Уикитүркүмдөр
Биологиялык түркүмдөр (аңглисче)
Wikinews-logo.svg Уикижаңылыктар
Жаңылыктар (азырынча даяр эмес)
Commons-logo.svg Уикиказына
Медияфайлдардын жыйнагы (аңглисче)
Wikimedia Community Logo.svg Метауики
Уикимедиянын проекттери тууралуу (аңглисче)