Англия

Wikipedia дан

Англия (England) - Улуу Британиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу.
Аянты – 133,395 миң чарчы км. Калкы – 50,7629 млн. (2006). Калк жыштыгы – 395 киши. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Англияга туура келет.
Борбору – Лондон.
Урааны - Dieu et mon droit / Кудай жана менин укугум.
Тили – англис.
Мамлекеттик дин – англикан чиркөөсү.

Аталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

"Англия" деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билгизет. Кээде Англия деп Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны да аташат.
Англия 5-6 кылымдарда Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу англдардын атынан аталып калган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

927 жылы негизделген. Уэссекс Королдугунун негизинде түзүлүп (519-917жж) кийин Улуу Британия Королдугуна негиз болду (30 апрель 1707 жыл – 1 январь 1801 ж.).

Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуу Британия аралынын чоң бөлүгүн ээлейт. Түндүктө - Шотландия, батышта – Ирландия менен чектеш. Ири шаарлары - Лондон, Бирмингем, Лидс, Шеффилд, Ливерпул, Манчестер.
борбор щаары Лондон

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Акча бирдиги - фунт стерлинг.
Улуу Британиядагы казылып алынган темир жана көмүр кенинин дээрлик баары Англиядан чыгат. Машина куруу, химия, тамак-аш (Лондон, Манчестер, Ливерпул), кара металлургия, оор машина (Шеффилд, Дерби), кеме (Ньюкасл, Мидлсборо) куруу, болот эритүү , металл иштетүү (Бирмингем), көмүр казып алуу, кездеме токуу (Брадфорд, Лидс) ж.б. өнөржай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристол ж.б.

Саясий түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Башкаруу формасы – Конституциялык монархия.
Улуу Британияны монархы – королева Елизавета II.
Улуу Британияны премьер-министри - Дэвид Кэмерон.

Административдик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Англия административдик-аймактык жактан 46 графтыкка жана Чон Лондонго бөлүнөт.

Маалымат булактары:
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 393-394 бб.