Түштүк-Африка Республикасы

Wikipedia дан

Түштүк-Африка Республикасы
Republic of South Africa
Republiek van Suid-Afrika1

Flag of South Africa.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
South Africa (orthographic projection).svg
Эгемендүүлүк күнү 31 май 1961

Улуу Британиядан)

Расмий тили Аңглис тили,
африкаанс, венда,
зулу, коса,
ндебеле, свати,
түндүк сото, сесото,
тсвана жана тсонга
Борбор шаары Кейптаун (мыйзам чыгаруу)
Претория (акимий)
Блумфонтейн (сот)
Ири шаарлар Йоханнесбург, Кейптаун,
Дурбан, Претория
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Вице-президент
Жейкоб Зума
Кгалема Мотланте
Аянты
• Жалпы
24 - дүйнөдө
1 219 912 км²
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

48 601 098[1] адам (25)
41 ад./км²
ИДП
  • Бардыгы (2009)
   • Ар бир жанга

505,2 млрд $
10 243 $
АДӨИ ( 2011) 0,619[2] (орточо) (123-чү)
Акча бирдиги Түштүк-Африка рэнди
Домени .za
ISO коду ZA
ЭОК коду RSA
Телефон коду +27

Түштүк-Африка Респу́бликасы (ТА́Р; африк. Republiek van Suid-Afrika, англ. Republic of South Africa) — Африка континентинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүндө Намибия, Ботсвана жана Зимбабве менен, түштүк-чыгышында — Мозамбик жана Свазиленд менен чектешет. Түштүк-Африка Республикасынын ичинде Лесото анклав-мамлекети жайгашкан [3].

Түштүк-Африка Республикасы континент боюнча ак, азиат жана аралаш калктардын саны боюнча алдыңкы орунда. Өлкө баалуу минералдык ресурстарга ээ, ошондой эле Африкада экономикасы боюнча эң өнүккөн өлкө болуп саналат[4].

Түштүк-Африка Республикасынын тарыхындагы жана политикасындагы эң маанилүү пункт болуп каралар менен актардын ортосундагы раса аралык конфликт болду. Конфликт өз кульминациясына 1990-чу жылдарга чейин иштеп турган, 1948 жылы орнотулган апартеид режиминен кийин жеткен. Улуттук партия дискриминациялык мыйзамдарды киргизүүнүн инициатору болду. Бул политика, алдыңкы ролду Стив Бико, Десмонд Туту жана Нельсон Мандела сыяктуу кара активиситтер ойногон, көпкө созулган жана кандуу күрөшкө алып келди. Кийинчирээк аларга актар жана түстүүлөр (аралаш калктардын урпактары), ошондой эле инди насилиндеги түштүк-африкалыктар кошулушту. Апартеиддин кулашында белгилүү ролду эл аралык коомчулук тарабынан жасалган басым да ойноду. Политикалык системанын алмашуусунан кийин салыштырмалуу тынч өттү: ТАР — бир да жолу мамлекеттик төңкөрүш болбогон Африка өлкөлөрүнүн бири. [5].

«Жаңы Түштүк-Африка Республикасын» көбүнчө «Күн желелүү өлкө» деп аташат, бул термин апартеид доорунан чыккан бөлүнүүлөрдү жайгарган жаңы, ар башка маданияттуу, көп улуттуу коомдун метафорасындай, архиепископ Десмонд Туту аркылуу ойлоп чыгылган (жана Нельсон Мандела аркылуу колдоого алынган)[6].

Апартеид мезгилдеринде Түштүк-Африка Республикасында Африка улуттук конгрессинин мүчөлөрү, «Азания» сөзүн, аларга ошол кезде эп келбеген өлкөнүн расмий аталышынын альтернативасы катары мамлекетти атоо үчүн колдонушкан. «Азания» сөзү ТАР Тайвань менен дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп турган кезде, расмий кытай дипломатиялык лексикасында Түштүк-Африка Республикасын атоо үчүн да колдонулган.

ТАР — ядролук курал иштеп чыгып жана кийин андан өз ыктыяры менен баш тарткан өлкө.

Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Түштүк-Африка Республикасынын физикалык географиясы
Түштүк-Африка Республикасынын картасы

ТАР Африканын түштүгүндө жайгашат. Жээк сызыгынын узундугу 2 798 км түзөт. ТАР 1 219 912 км² аянтка ээ, аянты боюнча дүйнөдө 24-чү орунда (Малиден кийин) турат. Өлкөнүн эң бийик тумшугу — Ажыдаарлар тоолорундагы Нжесути тоосу.

Түштүк-Африка Республикасында кургак Намиб чөлүнөн, Мозамбиктин чыгыш чек арасы менен Инди океанынын жээктериндеги субтропиктерине чейин ар түрдүү климаттык зоналар көрсөтүлгөн.

Түштүк-Африка Республикасынын ички райондору — Карру деп таанылган, чоң, салыштырмалуу жалпак жана аз отурукташкан мейкиндик, Намиб чөлүнө жакын болгондуктан, кургап, катып бара жаткан жерлер. Тескерисинче, чыгыш жээги жакшы нымдалган жана тропикалык климатка жакын климатка ээ. Өлкөнүн четки түштүк-батышындагы климаты, Жер-Ортолук деңиз климатындай: жаанчыл кыш жана ысык, кургак жай. Ал жакта белгилүү биом финбос жайгашкан. Атап айтканда бул жерде негизинен түштүк-африка виносу чыгарылат. Ошондой эле бул аймак жыл бою тынбай үйлөгөн шамал менен белгилүү. Жакшы Үмүт тумшугундагы шамал ушунчалык күчтүү болот, ал деңизчилерге көптөгөн ыңгайсыздыктарды туудуруп, кемелерди талкалоого чейин алып келет. Андан ары чыгыш жагында жамгыр теңдеп жаайт, ошондуктан бул аймак өсүмдүктөрдүн өсүүсү менен камсыздалган. Ошондой эле ал «Бакчалар жолу» деп да белгилүү.

Эркин мамлекет району — бийик платонун борборунда жайгашкан, айрыкча жалпак жер. Вааль дарыясынан түндүгүрөөктө, Велд жакшыраак нымданат жана аябай ысык температураларга чалдыкпайт. Йоханнесбург, 1740 м бийиктикте Велддин борборунда болуп, жылына 760 мм жаан алат. Бул жерлерде кардын аз түшкөнүнө карабастан, кыш суук болот.

Тилдери жана расмий аталыштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Түштүк-Африка Республикасында 11 мамлекеттик тил (тилдердин саны боюнча Индия жана Боливиядан кийинки үчүнчү өлкө[7][8]), Түштүк-Африка Республикасында 11 расмий аталышы бар:

Бирок ошончолук чоң ассортиментке карабастан түштүк-африкалыктардын кээ бирлери өз өлкөсүн Азания деп атагылары келет: алар көбүнчө европалык, колониалдык мурастан алыстагысы келген кара расисттер.


ТАРдын азыркы аймагын алгач бушмендер (жыйноочулар), б. з. 1-миң жылдыгынын ортосунда көчмөн малчы уруулары – кой-койлор (готтентоттор) мекендеген. Кийинчерээк бантулар жер которуп келишип, жерг. калк м-н ассимиляциялашкан. 17-к-да голландиялык колониячылар (бурлар) басып кирип, жерг. калкты толук кырып, 1652-ж. Кап колониясын негиздешкен. Бул колония 1795-ж. англистерге, 1803-ж. голланддарга, 1806-ж. кайра англисттерге өткөн. Кап колониясын Англия басып алган соң, бурлар башка жерлерди колониялоого өтүп, Наталь колониясын, Трансвааль, Оранжевый респ-ларын негиздешкен. 1899-ж. англия бурларга согуш ачып (к. Англия-Бур согушу), натыйжада Бур респ-ларын бүт караткан. 1910-ж. 31-майда Кап, Наталь колониялары, Трансвааль, Оранжевый респ-лары Түш. Африка Союзуна (ТАС) биригип, Британ империясынын доминиону болуп калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ТАСтын өкмөтү расалык дискриминация жүргүзгөн. 1948-ж. расачыл реакциячыл чөйрөгө мүдөөлөш Улуттук партия бийликке келип, алар апартеид саясатын жарыялаган. 1950-жылдары Африканын бир нече өлкөсү, дүйнөдөгү мамлекеттердин көбүнүн саясий, коомдук уюмдары ТАСга байкот жасап, көп өлкө дипл. мамилесин үзгөн. Буунун Генералдык Ассамблеясы ж-а Коопсуздук совети ТАРдын (1961-жылдан Түш. Африка Республикасы) расалык дискриминация саясатын бир нече жолу айыптаган. Натыйжада 1994-ж. ТАРдын конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, апартеид саясатын жоюу ж-дө расмий билдирген. Азыркы мезгилде ТАРдын жүргүзгөн саясаты социалдык ж-а саясий туруктуулукту сактоого багытталган. Коррупцияга ж-а кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. О. эле бардык өлкөлөр (а. и. Африка өлкөлөрү, АКШ, Улуу Британия ж-а Батыш Епропа ж. б.) м-н достук мамилени жакшыртууга ж-а чыңдоого аракеттенүүдө.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын саны боюнча Түштүк-Африка Республикасы 26-чы орунда турат — өлкөдө 49,9 млн адам жашайт (2010 жылдын июль айынын көсөткүчү).


Этно-расалык курамы (2010 жылдын каттоосу боюнча):

15 жана андан жогору жаштагы калктын сабаттуулугу (2003 жылдын көрсөткүчү боюнча):

  • эркектер — 87 %
  • аялдар — 85,7 %

Дини[оңдоо | булагын оңдоо]

Демографиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөдө актардын саны, алардын Түндүк Америкага, Европага, Австралияга жана Жаңы Зеландияга эмиграциялоосунан, акырындан азайып жатат — 19852005 жылдары Түштүк-Африка Республикасынан 0,9 миллионго жакын актар көчүп кетишти, көбүнчө 40 жашка чейинкилер жана алардын балдары. ТАРдагы каралардын санын, башка Африка өлкөлөрүнөн келген кара эмигранттар өстүрүүдө.

Жашоо деңгээли[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Административдик бөлүнүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыр ТАР унитардык өлкө болуп саналат. Өлкө аймагы 9 провинцияга (административдик борборго) бөлүнгөн:

ТАР провинциялары
ТАР провинциялары (1991)
  1. Батыш Кап провинциясы (Кейптаун)
  2. Түндүк Кап провинциясы (Кимберли)
  3. Чыгыш Кап провинциясы (Бишо)
  4. Квазулу-Натал (Питермарицбург)
  5. Эркин мамлекет (Блумфонтейн)
  6. Түндүк-Батыш провинциясы (Мафекинг)
  7. Гаутенг (Йоханнесбург)
  8. Мпумаланга (Нелспрёйт)
  9. Лимпопо (Полокване)

1994 жылга чейин ТАР федерация болгон жана 4 провинцияга бөлүнгөн: Кап провинциясы, Наталь, Кызгыл-Сары эркин мамлекет жана Трансвааль. Мындай бөлүнүүлөр Түшүк Африканын колония болгонун чагылдырат. Ошондой эле, 1951 жылдан 1994 жылга чейин ТАРда бантустанавтономиялар болгон. Бантустандардын сыртында кара калктардын укугу дээрлик чектелүү болгон. Алардын төртү «эгемендүүлүк» алышты (ушул себептен алардын жашоочуулары ТАР граждандыгынан айрылышкан), бирок, алардын көзкарандысыздыгын ТАРдан башка бир да өлкө тааныган жок:

Башка бантустандар ТАР юрисдикциясында болушкан:

Борбору[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн өкмөтү жайгашкандыгына байланыштуу, Претория расмий түрдө Түштүк-Африка Республикасынын «негизги» борбору болуп саналат[9].Калган эки бийлик бутагы башка эки шаарда жайгашкан: парламент — Кейптаунда, Жогорку сот — Блумфонтейнде. Ал эки шаар да борбор катары саналышат.

Кээде Преториянын аталышы, Тшване деп өзгөргөн дешет. Бул туура эмес: Тшване — провинциядан бир баскыч төмөн турган (сөз Гаутенг провинциясы тууралуу жүрүүдө) шаардык муниципалитеттин, административдик бирдиктин аталышы. Тшване муниципалитетинин курамына Претория, Центурион (мурдагы Фервурдбург), Сошангуве шаарлары жана бир нече майда областтар кирет.

Башкаруу формасы[оңдоо | булагын оңдоо]

ТАР — парламенттик республика. Президент өзүнүн дээрлик баардык чечимдеринде парламенттин колдосууна таянат. 30 жаштан жогору жаштагы ТАРнын граждандары президенттикке талапкерлигин коё алышат.

ТАР парламенти эки палатадан турат: Провинциялар улуттук кеңеши (жогорку палата — 90 мүчө) жана Улуттук ассамблея (400 мүчө).

Министрликтери[оңдоо | булагын оңдоо]

Укугу[оңдоо | булагын оңдоо]

Жазык укугу[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикасы жана улуттук чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

ТАР — Африка континентиндеги эң өнүккөн жана ошол эле учурда жалгыз Үчүнчү дүйнөгө кошулбаган өлкө.2009-чу жылга ИДП 505 млрд долл. түздү (дүйнөдө 26-чы орунда). ИДП өсүшү 5 % деңгээлде болгон, 2008 жылы — 3 %.Рыногу активдүү кеңейип жатканына карабастан, өлкө дагы деле дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире элек.

Акча бирдиги: Түштүк-Африка рэнди 100 центке барабар. Монеталары 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5 ранд, банкноттору — 10, 20, 50, 100 жана 200 ранд.

Негизги импорт: нефть,азык-түлүк , химиялык товарлар; экспорт: алмаз, алтын, платина, машиналар, автомобилдер, жабдуулар. Импорт (91 млрд долл. 2008 жылы) экспорттон ашат (86 млрд долл. 2008 жылы).

Forbes журналынын бизнес баштоо ыңгайлуулугу боюнча өлкөлөр рейтингинде 39-чу орунда турат.

АКТ өлкөлөрүнүн эл аралык уюмуна кирет.

Жумушчу күчү[оңдоо | булагын оңдоо]

Түштүк Африканын 49 миллион калкынын 18 миллиону гана ишке жарактуу. Жумушсуздар — 23 % (2008 жылы).

Ишке жарактуулардын 65 % кызмат чөйрөсүндө, 26 % — өнөр-жайында, 9 % — айыл-чарбасында (2008 жылы) эмгектенишет.

Элдик чарба тармагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өндүрүп чыгаруу өнөр-жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айыл-чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Вино жасоочулугу[оңдоо | булагын оңдоо]

Мал-чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

2ankole cattle.jpg

Балык кармоосу[10][оңдоо | булагын оңдоо]

Балык кармоо боюнча ТАР Африкада алдыңкы орунду ээлейт (жылына 1 млн тоннага жакын). Негизги объекттер — сардина, сельдь, хек, анчоус, деңиз окуну, скумбрия, треска, кап лососу, макрель, монкфиш. Ошондой эле, креветкалар, омарлар, лангусттар, осьминогдор, акулалар да өндүрүлөт.

Токой-чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги зона — Квазулу-Наталь провинциясынын түштүк бөлүгү.

Жалпы экспорттун 35-40 % айыл-чарбасы түзөт, Түштүк-Африка ИДПнын 5 % түзөт.

Мамлекеттин экономикалык саясаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул сөздүн башка маанилери дагы бар, [[Кошумча караңыз: Түштүк-Африка Республикасынын ири компаниялары

(маанилери)]] караңыз.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Түштүк-Африка маданияты ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Эң биринчиден, эки маданияттын айкалышы: традициялык жана азыркы кездеги маданияты.

Салттык маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Банту, бушмендер жана готтентоттор сыяктуу көптөгөн жергиликтүү калктар традициялык маданиятка өзүнүн салымдарын кошушту. Протея гүлү— ТАРнын улуттук символу.

Азыркы кездеги маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ян Волсхенк, Риверсдейл тарапта Лангеберген тоолору кечинде (1927).

1930-чу жылдарда кара сүрөтчүлөр чыгып башташты. 1947 жылдан баштап Францияда жашаган Жерард Секото, жана Жорж Пемба кара шаардык искусство жанрынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналышат.

Спорту[оңдоо | булагын оңдоо]

1995 жылы ТАР регби боюнча дүйнө чемпиондугун кабыл алды.Финалдык оюнда Жаңы Зеландияны жеңди[11].
2010 жылы ТАР футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 2010 өткөрдү.


Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Калыптарда илмек бар:Калып:Навигациялык жадыбал

Калыптарда илмек бар:Калып:Навигациялык жадыбал