Премьер-министр Темир Сариев Жаш ишкерлер ассоциациянын мүчөлөрү менен жолукту
5
Аяк оона

Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жаш ишкерлер ассоциациянын мүчөлөрү менен жолукту.  Жолугушууда Премьер-министр ишкерлер менен эркин форматта баарлашып,  өлкөдөгү ишке ашып жаткан долбоорлор, инвестициялык климаттык жакшыртуу жана жумушчу орун түзүү жолдору тууралуу талкууланды. Темир Сариев учурда өкмөт мамлекеттик органдардагы тартипти жөнгө салуу жана талапты күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруп, кыска убакыттын ичинде сапаттуу өзгөрүүлөрдү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Улуттук маданияттын үлгүсү болгон эпосторду сактоо жана өнүктүрүү – милдетибиз»
4
Аяк оона

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмɵт мүчɵлɵрү Бишкек шаарындагы Дүйнө Эпосторунyн III фестивалынынын ачылыш аземине катышышты. Өз сөзүндө Өкмɵт башчы эпос жаратып, аны муундан-муунга өткөрүп келген элдердин башын бириктирген фестивалдын Бишкекте өтүп жатканына кубанычын билдирди. Премьер-министр бул фестивалдын Кыргызстанда өтүп жатышынын мааниси чоң экенин белгиледи. «Кыргыз эли үчүн “Манас” баштаган эпостор жөн Уландысы

Темир Сариев адам өмүрүн сактайм деп каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө материалдык көмөк көрсөтөт
4
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көлдө 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө  100 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүү күчөтүүнү тапшырды
4
Аяк оона

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт алдындагы Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиевди кабыл алды. Анда мамлекеттик кызматтын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүп жаткан иштери талкууланды. Премьер-министр Рафик Мамбеталиевге эки ай мурун кызматка дайындоодо бир катар конкреттүү тапшырмалар коюлганын эске салды. Алардын негизгиси катары кызматты мобилдүү, эффективдүү кызматка айландыруу,  ички курамдагы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча ЖКК тутумундагы Реформалар пакети иштелип чыкты
4
Аяк оона

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Жол-кайгуул кызматы (ЖКК) тутумундагы Реформалар пакети иштелип чыкты. Мындан мурда Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында белгилегендей, ЖКК ушул кезге дейре тартип орнотулган эмес жана түзүмгө тез арадагы реформалар зарыл. Абалды өзгөртүү боюнча жасалган аракеттер убактылуу өзгөртүүлөрдү гана алып келген. Буга байланыштуу Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча көзкарандысыз эксперттик Уландысы

“Кара-Кече” көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча конкурстук комиссия түзүлөт
3
Аяк оона

Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3-сентябрдагы жыйында кабыл алды. Жыйында Премьер-министр Темир Сариев бул чечимдин өтө маанилүү экенин белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, көмүр кенди иштетүү долбоорунун алкагында үч маселени чечүүгө жол ачылат. Долбоорго ылайык, Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу, кенди комплекстүү иштетүү жана кенде 1200 МВт кубаттуулуктагы жылуулук борборун куруу  каралган. “Бул долбоорду ишке ашыруу Токтогул ГЭСин Уландысы

 
ФОТО ВИДЕО АУДИО
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР