Франция

Wikipedia дан
Франция, Европа

Фра́нция (фр. France, МФА (фр.): [fʁɑ̃s]), расмий аталышы Францу́з Респу́бликасы (фр. République française, МФА (фр.): [ʁe.py.blik fʁɑ̃.sɛz]) — Батыш Жауропадагы мамлекет. Республиканын урааны — «Эркиндик, Теңдик, Бир туугандык», принциби — башкаруу эл менен жана эл үчүн. Борбору — Париж шаары. Өлкөнүн аталышы герман урууларынан болгон франк этнониминен келип чыккан. Франциянын көпчүлүк калкы аралаш галл-роман түркүмүнөн пайда болгон жана роман тобундагы тилде сүйлөшөт.

Франция өзөктүк куралдуу мамлекет жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. 1950- жж баштап Франция Европа Союзун түзүүгө жигердүү катышкан өлкөлөрдүн бири.

Калкы — 64,7 млн киши (январь 2010), анын ичинде 90 пайызга жакыны Франциянын атуулдары. Динге ишенгендери католиктер (76% ашуун). Мыйзам чыгаруу органы кош палаталуу парламент (Сенат жана Улуттук жыйын). Административдик-аймактык бөлүнүш: 27 регионов (22 метрополия, 5 деңиздик регион), 101 департамент (96сы метрополияда 5 деңиздик департамент).