Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Wikipedia дан
ВОЗдун Женеведагы штаб-квартирасы
белгиси

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму(ВОЗ)(ВОЗ англ. World Health Organization, WHO) — эл аралык медициналык уюм; Бириккен Улуттар Уюмунун атайын мекемеси. 1945-ж. февралда ООНдун конференциясында бул уюмду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 1946-ж. Нью-йоркто 51 өлкөнүн жана эл аралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан саламаттык сактоо боюнча эл аралык конференция ВОЗдун уставын иштеп чыккан жана кабыл алган, ошондой эле анын 18 өлкө. 1948-ж. 7-апрелде Убактылуу комиссиясы ишин аяктап, 26 өлкө ВОЗдун уставын бекиткен. Бул күн жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү болуп белгиленет.

ВОЗдун түзүмү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы
  • Убактылуу комиссиясы
  • Катчылык(секретариат)

ВОЗдун жогорку органы — Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, анын сессиясы жыл сайын чакырылат. ВОЗго 166 өлкө мүчө (1985). ВОЗ жугуштуу жана жугушсуз оорулар (кургак учук, венера жана мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер жана башка) менен күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүдө жана кайра уюштурууда, медициналык кадрларды даярдоо жана билимин өркүндөтүүдө жардам берет.

ВОЗдун милдеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

ВОЗдун милдеттерине дары каражаттарынын эл аралык стандартын белгилөө, дары заттардын сапатын, кошумча таасирлерин контролдоо жана наркотиктерге эл аралык көзөмөлдүн медициналык аспектилери; оорулардын эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; медициналык илимдердин негизги проблемалары боюнча (токсикология, фармакология, айлана-чөйрө гигиенасы жана башка) изилдөөлөрдү жана саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо жана башка кирет. Андан тышкары эл аралык карантин иш чараларын жүргүзөт: чечек, кара тумоо,тырышма холера, сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз эл аралык информация берет, эл аралык санитариялык эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень жана башка чыгарып турат.

ВОЗдун иши[оңдоо | булагын оңдоо]

СССРдин демилгеси менен XI Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы кабыл алган чечекти жоготуу программасын ишке ашыруу 1976-ж. бүт жер шарында чечектин жоголушуна алып келди. СССР бул программанын ишке ашырылышы үчүн ВОЗдун карамагына 200 млн. доза чечек вакцинасын бекер берген. СССРдин демилгеси боюнча бактериялык жана химиялык куралдарды колдонбоо, кишини атом радиациясынан коргоо, улуттук медициналык кадрларды даярдоо, онкологиялык изилдөөлөр боюнча узак убакытка кызматташуу жана башка жөнүндө резолюция кабыл алынган. Бир катар илим-изилдөө институттар башка өлкөлөр менен ВОЗдун программасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. 1978-ж. Алматы шаарында алгачкы медициналык-санитариялык жардам уюштуруу боюнча өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк конференцияда советтик саламаттык сактоонун жетишкендиктери жана принциптери жогору бааланды.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8