Премьер-министр Темир Сариев Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты
8
Аяк оона

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Беларусь Республикасынын Гродно шаарындагы Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Премьер-министр кеңештин тартипти жана кенири чөйөдөгү жыйынына катышты. Жыйын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын бул уюмга толук укуктуу мүчө болуп кошулуусу менен куттуктады. Кеңири чөйрөдөгү жыйында сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр Евразия экономикалык биримдиги дүйнөдөгү ири жана Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Беларусь Республикасынын Өкмɵт башчысы Андрей Кобяков менен жолугушту
7
Аяк оона

Бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков менен жолукту. Жолугушууда эки ɵлкɵ ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты ɵнүктүрүү маселелери талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев Беларусь Премьер-министрине жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенден кийинки алгачкы алгачкы сапар экендигин Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Беларусь Республикасына иштиктүү сапар менен жөнөп кетти
7
Аяк оона

Бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Беларусь Республикасынын Гродно шаарына Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иштиктүү сапар менен жөнөп кетти. Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны алкагында ЕАЭБ ишмердүүлүгүн мындан аркы жакшыртууга багытталган маселелердин каралышы пландаштырылууда. Премьер-министр Темир Сариевдин иштиктүү сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин делегация жетекчилери менен эки Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Жаш ишкерлер ассоциациянын мүчөлөрү менен жолукту
5
Аяк оона

Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жаш ишкерлер ассоциациянын мүчөлөрү менен жолукту.  Жолугушууда Премьер-министр ишкерлер менен эркин форматта баарлашып,  өлкөдөгү ишке ашып жаткан долбоорлор, инвестициялык климаттык жакшыртуу жана жумушчу орун түзүү жолдору тууралуу талкууланды. Темир Сариев учурда өкмөт мамлекеттик органдардагы тартипти жөнгө салуу жана талапты күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруп, кыска убакыттын ичинде сапаттуу өзгөрүүлөрдү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Улуттук маданияттын үлгүсү болгон эпосторду сактоо жана өнүктүрүү – милдетибиз»
4
Аяк оона

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмɵт мүчɵлɵрү Бишкек шаарындагы Дүйнө Эпосторунyн III фестивалынынын ачылыш аземине катышышты. Өз сөзүндө Өкмɵт башчы эпос жаратып, аны муундан-муунга өткөрүп келген элдердин башын бириктирген фестивалдын Бишкекте өтүп жатканына кубанычын билдирди. Премьер-министр бул фестивалдын Кыргызстанда өтүп жатышынын мааниси чоң экенин белгиледи. «Кыргыз эли үчүн “Манас” баштаган эпостор жөн Уландысы

Темир Сариев адам өмүрүн сактайм деп каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө материалдык көмөк көрсөтөт
4
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көлдө 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө  100 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга Уландысы

 
ФОТО ВИДЕО АУДИО
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР