Хорватия
|
|||||
Хорватия Республикасы (Republika Hrvatska) — Балкан жарым аралынын батышындагы мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Хорватия 1991-жылы мамлекеттик эгемендүүлүгүн алган. Борбору -Загреб шаары, акча бирдиги - куна. Калкы 4.4 млн. Калкынын негизги бөлүгүн түштүк славян католиктер түзөт.
Интернеттеги домени -.hr
Хорватия жана Евробиримдик[оңдоо | булагын оңдоо]
Хорватия 2013-жылдын 1-июлунда (теке айынын 1инде) Европа Биримдигине 28-мүчө өлкө болуп кирди.
Хорватия Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын 2003-жылы жолдогон болчу.
4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы.
Мурдагы Югославия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 2004-жылы Евробиримдикке Словения кабыл алынган.
Эми Хорватиянын Евробиримдикке кирген башка өлкөлөр менен чектеш жерлеринде чек ара төлөмдөрү талап кылынбайт. Бирок азырынча Хорватия Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык ынтымагына кошулбайт.
Адабият тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
- Roy Adkins, 2008, The War for All the Oceans, Penguin Books, ISBN 978-0-14-311392-8. - URL: http://books.google.hr/books?id=3u9jdSlnGiMC
- Damir Agičić, Dragutin Feletar, Anita Filipčić, Tomislav Jelić, Zoran Stiperski. Povijest i zemljopis Hrvatske: priručnik za hrvatske manjinske škole. - URL: http://books.google.com/?id=9SArPwAACAAJ - 2000. - ISBN 978-953-6235-40-7.