"Мен жашыкмын бала кезден жашыкмын,
Оор болсо да бул турмушка ашыкмын"
Кубанычбек Адамалиев бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы. Аталган илимдин доктору, профессор. Кыргызстан улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү. Автор жыйырмага чыкканда алгачкы жыйнагы жарык көрүп, чыгармачылыгын эрте баштаган. Башкача айтканда ал догдурлук кесипти тандап, Гиппократтын антын ала электе, ак булут поэзияга жолуккан. Бүгүнкү күндө поэтикалык жана прозалык 15 китептин автору.
Анын ички жан дүйнөсү, келечекти эңсеген кыялдары, догдурлук ой толгоолору, турмуштагы багыты ырларында даана чагылдырылган. Ал табиятынан акын, табиятынан хирург. Колуңуздардагы ырлар - турмуштан келген ырлар.
К.БАКИРОВ.

Мен жашыкмын
Мен жашыкмын, бала кезден жашыкмын,
Жалгыздыктан ары-бери сүйрөлүп.
Оор болсо да бул турмушка ашыкмын,
Өмүр бою ар кыл сырын үйрөнүп.

Ким болбогун башта бар го бир өлүм,
Байкап ичтен дайым калам ойлонуп.
Алын көрүп бей-бечара бирөөнүн,
Боорум ооруп жашып кетем толгонуп.

Өтөт өмүр өткүн сындуу ирмемде,
Кыял менен жакшы жашоо кургуздум.
Жарым, жармач үй-бүлөнү билгенде,
Жардам берип келет бутка тургузгум.

Үмүт кана таттуу ойлорго киринип,
Кайра кейийм айлананы көз көрүп.
Пейилди оңоп байлар менен биригип,
Элди теңдеп, бирдей оокат өткөрүп.

Өспүрүмдөн, үй жайы жок түрлөнгөн,
Улан, кыздар кароосу жок элдеги.
Бала кезден аянычтуу күн көргөн,
Келечекте күтсө болот эмнени?

Сактасак да баңгилер көп жаштардан,
Улан кезде картаң чалдай ыраңы.
Селсаякта таштандыны аңтарган,
Берген менен иштеп майнап чыгабы?

Мына ушундай көптөр боорду оорутуп,
Өмүрүмдө канча чүнчүп күн өттү.
Мына азыр да үмүтүмдү соолутуп,
Үйү жоктор оорутууда жүрөктү.

Мөңкүрөгөн көпкө зарыл жер гана,
Теңсиздикти тектүү жакка бургузат.
Ата журтта чыгаан чыккан эр гана,
Баарын оңоп, жакшы заман тургузат.

Мен жашыкмын, бала кезден жашыкмын,
Жалгыз өсүп, ары-бери сүйрөлүп.
Оор болсо да бул турмушка ашыкмын,
Өмүр бою ар кыл сырын үйрөнүп.


Кимде күнөө?
Кимде күнөө? Дарттын атын кеч билип,
Түндө келген алтыдагы баланын.
Энеси ыйлайт сөөк сыздатып эчкирип,
Көрүп алып өтө эле оор абалын.
Ким күнөөлүү, сан ооруга элдеги,
Убагында дарттын аты такталбай.
Жүрөктү өйүп арман турат менде эми,
Эмне болот, эртеңкисин айталбай.
А балакай менде, жүрөк канымда,
Улам көзүн сүзүп, алсыз жөтөлүп.
Күнү-түнү алпурушуп жанында,
Болгон дилди салып жаттым көшөрүп.
Төрт күн өттү, дале жылбай жанынан,
Тике туруп, калгычакты сүлдөрүм,
Керек кезде куюп жүрөк каныман,
Анан көрдүм кайра жайнап күлгөнүн.
Өттү убакыт, улам жылып барат ай,
Өмүр күндө жалбырактай жайылып.
Алпурушуум жеңип, бая балакай
Акырында кетти айлына айыгып.
Бирок калды жүрөгүмдө өкүнүч,
Кең сүйүүдө, алган терең билимде.
Кээ врачтан ымандай сыр өтүнүч,
Жоопкерчилик болсо деген дилинде.

Тилек
Жан ооруган жерде дешет элимде,
Ооба, ооба, көрдүм-анын далайын.
Дарылагам беш миң бала кеминде,
Баскан жолум, өчпөс изим, таалайым.
"Бала-бакыт",-дешет менин элимде,
Калети жок, боор этиңден жаралып...
Түн күзөтүп өмүр, өлүм чегинде,
Эмгегимден бакыт таптым агарып.
"Бала-тукум",-дешет,-жетсе бой толуп,
Төгүн эмес ата салты элимдин.
Баштан өтүп оор мүнөттөр томсоруп,
Өмүрүмдө кээде чүнчүп кейидим.
Балалуу адам билет баркын, ыйыгын,
Түн күзөтүп алда нечен ойгонуп.
Ооруп калса өзүнө алат кыйынын,
Кара көзүм сакайсын,-деп толгонуп.
Дал ошондой менин дагы тилегим,
Оору чалган балдар саны азайсын.
Ата-энеге бакыт сунуп бардыгы,
Кайра баштан жылмайышсын, сакайсын.

Поэзия
Болсо жашың отуз, кеткен отузу,
Зоо артынан зоолор тоскон жашына.
Поэзия-чокулардын чокусу,
Ошончолук жеткиң келген башына.
Калем алган жандын керек күйүүсү,
(О, канча ирет ысыдык да үшүдүк).
Поэзия-назиктердин сүйүүсү,
Улам ысык жанбай издеп түшүнүп.
Баш сайбаган адамдын жок акысы,
Калем кармап, бар тозогун көрбөгөн
Поэзия бактылуунун бакыты,
Бир учкунун сезсе эч качан өлбөгөн .
Анда болот капа, күлкү орногон,
Көп убакыт эмгек керек өтүнөм.
Поэзия-ийнени издөө жоголгон,
Адам жетпес аскалардын бетинен.
Кандай сүйсөң сен дүйнөдө энени,
Ыр да ошондой изденүүдөн гүл өнүп.
Поэзия -тереңдердин тереңи,
Жетпей турган түбүнө эч ким түбөлүк.

Биздин үй
Турмушка жаныңдан кол сунуп,
Мен жашмын ата жол улаган.
Баарыбыз чогулуп олтуруп,
Бүлө элек түтүнү булаган.
Чоң апа, эжекем дайыма,
Үйдө эле шырдакты түрдөшкөн
Ал экөө эсен-соо багыма,
Келечек тууралуу сүйлөшкөн.
Мен болсо кол кабыш ар иште,
Чоң энем ийигин имерип.
Эжекем чий согуп далисте,
Акча таап окууга жиберип.
Азыр мен мезгилден картайып,
Ой менен ал күнгө кол сунам.
Үйдү эстеп көзүмдөн жаш чайып,
Үшкүрүп суу жээкте олтурам.
Эне, эжем бутума тургузган,
Азыр да оокаттуу жаным ток.
Отуз жыл мурунку турмуштан,
Бир гана кенедей дайын жок.
Биздин үй дубалы жарылган,
Байкадым мезгилден өңгөнүн.
Суу чачып айлантып, жалынган.
Апамды, эжемди көрбөдүм.
Ай-жылдыз төбөмө тоголуп,
Ээн түндө өксүдүм, үзүлдүм.
Кез келсе мен дагы жоголуп,
Кайдадыр кетээрим түшүндүм.

Кочкор жөнүндө
Төрт тарабы тоолор менен тосулган,
Кичинекей каным тамган кең мекен.
Өрөөндөрдөн жети суусу кошулган,
Кыдыр Ата түнөп кеткен жер экен.

Касиеттүү Кочкор жердин каймагы,
Көлдөн тарта, Сөөктөн ары созулат.
Булактары мөлтүр түзүп дайраны,
Агып келип Чүй суусуна кошулат.

Кочкордо өсөт алма, жемиш жашылча,
Көптөр сүйүп куттуу жерди ардактайт.
Нарын, Көл, Чүй толук карга басылса,
Бул Кочкордо кышы бою кар жатпайт.

Карт тарыхтын үнү жерден угулуп,
Санжырада атуулдун көп катары.
Өрөөндөрү кечте, таңда кубулуп,
Ар кыл түстө Кочкор Ата мазары.

Манас ташы, Шамшыдагы ойлочу,
Шоола чачкан тоо ичинде түндөсү.
Орток тоодо турат Манас ордосу
Кумдөбөдө кырк жигиттин күмбөзү.

Көркоолдогу сайма таштуу аскалар,
Эл тилеги ою менен чегилген.
Тээ өткөндөн изилдесе бар кабар,
Ооздон, оозго жомок сындуу берилген.

Орто токой, Ормон хандын айдоосу,
Мен айланам кудуреттүү жеримден.
Кыргыз билген куттуу жети жайлоосу,
Даамы башка, малдарында семирген.

Өрөөн сыры кылымдарга жол ачып,
Таап алууда нефти, көмүр, алтынын.
Алакөөдөн туугандарым колу ачык,
Сыйы өзгөчө баргандарга калкынын.

Төрт тарабы тоолор менен тосулган,
Киндик каным тамган өрөөн кең мекен.
Чүйгө келип жети суусу кошулган,
Асыл Кочкор касиеттүү жер экен.




Селсаяктар
Бир кейиштүү толгонуу бар санаада,
Ушул шаарда көптөр үйсүз жан багып.
Ар кыл жайда, көбү түнөйт талаада,
Азыр жүрөт таштандыны аңтарып.

Күндө көрөм таңда ишке баратып,
Турак кылып чуулуу калаа асманын.
Сыны кеткен түрү жанды аятып,
Үй бурчунда кагаз төшөп жатканын.

Дайым көрөм таштандылар салынган,
Жерлер бейиш, бай даамындай дүйнөнүн.
Селсаяктын ар, намыстан арылган,
Жугундудан оокат издеп жүргөнүн.

Мурду, башын ылдый тыгып каманча,
Бир сезилбейт ийменгени, чөккөнү.
Акыл айтып иште десең адамча,
Сөгүп, сагып боорго тебет көптөрү.

Баары кызуу түштөн кийин карасаң,
Бак ичинде көңүлдөрүн шат кылып.
Таштандыны кыдыргандар таң азан,
Санаа жоктой олтурушат каткырып.

Байкап көрдүм... чогултканын тоё жеп,
Бирөө дагы көз жаш төкпөй армандай.
Зарлабастан ушуга да, тобо,-деп,
Бул жашоонун рахатын алгандай.

Алар калган адам баасын таба албай,
Күндө көрөм ар кыл жолдо баратып.
Жүргөндөрдүн жугундуну аралай,
Өздөрүндөй ит, мышыктан талашып.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan