Жумалы Орозо уулу
Жумалы Орозо уулу 1966-жылы 4-айдын 10-күнү Кызылсуу кыргыз автоном областы Артыш шаарына караштуу Каражүл айылында жарык дүйнөгө көз ачкан. 4 жашында ата-энеси менен бирге Тегирмети айылынын Ыдыраң (корумдуу) кыштагына көчүп барып, өрүшү малга, өөнү данга толгон, кең талаа, адырлуу жергеде өсүп чоңойгон. 1973-жылы 7-айдан тарта, Ыдыраң кыштагынын башталгыч мектебинде жана Тегирмети айылдык толуксуз орто мектепте (1979 ~ 1981) окуду. 1981-жлы 9-айдан 1983-жылы 7-айга чейин Кызылсуу облустук 3-орто мектепте окуган. 1983-жыл 9-айдан 1988-жылы 7-айга чейин Шинжаң университетинин закон илими факултетинде окуган, 1988-жылы 7-айдан 2004-жылы 4-айга чейин Шинжаң эл радио стансиясынын кыргыз редаксиясында котормочу, кабарчы, кошумча программа жүргүзүүчү, «Закондон кеңеш», «Адам жана закон» программасынын жооптуу жүргүзүүчүсү болуп иштеп, радио угармандарынын көңүл төрүнөн түнөк тапкан. 2004-жылы 4-айдан 2006-жылы 4-айга чейин ошол эле мекеменин коргоо башкармалыгында иштеген. 2006-жылы 4-айда кызматтын талабы боюнча, мекеменин интернет кабарлар борборуна жөткөлүп, мекеменин кыргызча сайтына жооптуу болуп иштеп келет.
Жумалы Орозо уулу жан жактылуу билим-өнөргө эгедер коомдук ишмер катары белгилүү, азырга дейре Кыргызча жана Уйгурча гезит-журналдарда 150 барчадан ашуун ырлары, ой толгоо макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн. Ал студенттик кезинде «Кызылсуу гезити»нде «Манасчы Жүсүп атама» (1986) деген арноо ыры менен тушоосун кыйган. «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында бир топ ырлары жарыяланган, «Тил жана котормо» журналында котормолору жана көркөм жазуу жөнүндөгү макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн, китептер жана үн тасмаларынын мукабаларын иштеген, агартуу басмасы жагынан чыгарылган бир канча кыргызча окуулуктарды которууга катышкан. 2000-жылы Шинжаң эл басмасынан «Кызгылт таң» аттуу ырлар жыйнагы басылып чыккан, 2002 - 2003-жылдары «Шинжаң гезити» жана «Шинжаң жаштары» катарлуу уйгурча гезит-журналдарда 20 барчадан ашуун ой толгоо макалалары уйгур тилинде жарык көргөн. Өмүр баяны «Жуңго көркөм өнөр салаасындагы ишмерлер» томуна киргизилген. Кеебир макалалары автоном район даражалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. «Ак тилек» сайтын ачып элине тартуулаган.
Жумалы Орозо уулу Шинжаң жазуучулар коому жана эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.
kyrgyzym.com сайтынан алынды
|