Адам өмүрүн кыскарткан ак кан оорусу

Рак илдетинин катарына кирген лейкемия (ак кан, лейкоз) оорусу тууралуу түшүнүк эл арасында тар болгондуктан оору өтүшүп кеткен учурда гана дарыгерлерге кайрылышат. Бул дарт тууралуу билип алсаңыз жамандыктан сак жүрөсүз деген ойдо коркунучтуу дартка арналган макаланы сунуш кылабыз.

Ак кан (лейкоз, лейкемия) - кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу. Лейкемияда кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда өсүп жетилбеген клетка элементтери көбөйөт. Натыйжада, боор, көк боор баш болгон бир топ органдар шишип, кан азайып, иммунитет начарлап, ак кан оорусу пайда болот. Илимде ушул күнгө чейин бул оорунун пайда болушу толук изилдене элек. Лейкемиянын эң негизги себептеринин бири болуп радиациялык нурдануу эсептелет.

 

Физикалык жактан чарчоо пайда болот жана тамакка табит жоголот

Кан тазалоочу түйүндөр шишийт

Өпкө дем алуу оорлоп энтигет

Булчуңдар бошоп күч калбай калат

Боор жана көк боор шишип чоңоё баштайт

Муундар сыздатып ооруйт

Тери түнкүсүн кара терге түшөт, кызыл тактар пайда боло баштайт, тилинип кеткен жерден кан агуу күчөйт

Ак кандуулуктун жалпы белгилери

– Салмак азайып арыктайт

– Дене табы жогору болот

– Өңү бозоруп кан азаят

– Мурдунан тез-тез кан агуу пайда болот

– Буттары ооруп баспай да калат

Ак кандуулук оорусуна чалдыккандар төмөндөгү эрежелерди сактоосу зарыл

– Ар кандай инфекциялык ооруларды жуктуруп алуудан сактануу керек жана суукка урунбай жылуу жүрүү абзел

– Химиялык дарылануу мезгилинде же дары-дармектерди кабыл алып жаткан кезде туздуу тамак-аштан баш тартуу туура

– Ачуу тийген күндүн нурунан сактануу керек

– Дарыгерлер көрсөткөн, өзгөчө канды көбөйтүүчү азыктарды колдонуу сунушталат.

            Оорунун алдын алуу

Курамында цикламат, сахарин, ацесульфам жана таттуу кошулмалар кошулган суусундуктардан алыс болуу жакшы. Себеби алар рак илдетин күчөтүүчү касиетке ээ. Андыктан иммунитетти күчтөп ар дайым жакшы тамактанып, күн нуру ачуу тийген жерлерде көп убакыт жүрүүдөн качуу керек. Ал эми кош бойлуу айымдар гемоглобинин түшүрбөй тез-тез текшертип туруусу зарыл.

 

Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Сагыновна: 

“Лейкемия оорусу менен келген балдардын 70-80 пайызы толугу менен айыгып кетишет”

– Ак кандуулук оорусу биздин мекенде кандай?

– Бул илдет жылдан-жылга өсүүдө. Өткөн айдын ичинде эле 5тен 10го чейин бала кабыл алдык. Бул рак илдетине кабылган балдардын саны жыл санап өсүп баратканынан кабар берет. Баласы ак кандуулук илдетине жаңы чалдыкканда эле бизге алып келбей жүрө беришет. Натыйжада, балада лейкемия өтүшүп кеткен болот. Өтүшүп бараткан лейкемияны дарылоо көп убакытты талап кылат, айрымдарын дарылоого кеч болуп калат. Баласынан оорунун алгачкы белгилерин байкагандар тезинен кайрылса айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү кенен болот.

– Лейкемия оорусун элдик ыкмалар менен үй шартында дарылоого болобу?

– Жок, болбойт. Бул деген рак ооруларынын бири. Мына ошол элдик ыкма менен өзүм билемдикке салып үй шартында дарылап жатышып абалы таптакыр оорлоп, баспай, купкуу болуп калганда алып келип туура эмес кылып жатышат. Үй шартында дарылап койгондой бул сасык тумоо эмес.

– Ак кандуулуктун алгачкы белгилери ревматизм, кургак учук ооруларынын белгилерине окшошуп кетет экен...

– Ооба, ошондой. Ушунун айынан айрым дарыгерлер баланын дартын туура эмес аныктап дарылай беришип, акыры дене табы таптакыр түшпөй, мурдунан кан токтобой калганда рак экен деп бизге жөнөткөн учурлар болот.

– Лейкемия оорусу жаңы башталган кезде келген балдардын 70-80 пайызы толугу менен айыгып кетишет. Бизде толук дарылануу эки жылды талап кылат жана ага болжолдуу түрдө 4-5 миң доллар кетиши мүмкүн.

 

Даткайым Досматова