Сүйүн Откеев: Эл азыр маанайын көтөрө турган күлкүгө муктаж. Мындай пикирин TAYAN.kg маалыматтык-агенттигине режиссер Сүйүн Откеев билдирди. Учурда режиссер жума сайын эфирге чыга турган 100 пайыз күлкү тартуулоочу теле долбоордун үстүндө иштеп жатат. Ал долбоор жакында жергиликтуу телеканалдардын биринде элге тартууланат. Долбоордун аталышы “Эки адам” деп аталат. Азыркы кезде теледолбоордун чыгармачыл жааматы, аны тартып бутуп, монтаждоо иштери менен алек болуп жатканын “Медиастар” продакшн студиясынын директору, режиссер Сүйүн Откеев билдирди. “Күлкү – өмүрдүн мүлкү” деген жакшы сөз бар. Чындыгында эле дайыма күлүп-жайнап, шайыр жүргөнгө не жетсин жана эл азыр маанайын көтөрө турган күлкүгө муктаж. Адамдардын баардыгы туйшуктуу болуп, кабактары ачылбай, турмуштун оор арабасында айланып журушөт. Ал эми телеканалдарда туйшуктөрду унуттура турган, маанайды көтөруп, чер жаза кулө турган программалар аз.
Бул sketch show жаны форматта кыргыз көруучулөрунө тартууланат,- дейт режиссер. Долбоор бир айда 4 жолу эфирге чыга турганы болжонууда. Мындай формат дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө ийгиликтүү көрсөтүлүп келе жатат. Бирок Кыргызстанда биринчи болуп тартылууда. Башка сатиралык долбоорлордон эң чоң айырмасы – аткаруучулардын берилген тапшырмаларды ошол жерден эле даярдыксыз аткарып кетүүсү керек жана ага белгилуу адамдар да катышат. TAYAN.kg маалымат-агенттигинин жааматы биринчилерден болуп теледолбоорду көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. “Медиастар” продакшн студиясынын директору Сүйүн Откеев долбоордун мазмунуна токтолуп жатып төмөнкүлөрдү билдирди.
“Сахнага биринчи болуп “режиссер” чыгат. Ал коноктор менен саламдашып сахнанын четиндеги ордуна барып олтурат. Андан кийин сахнага “актер” чыгат. Актердун өзгөчөлүгү – өзүнө көп ишене бербейт, дайыма режиссер менен тартышат. Бирок режиссердун айткандарын толугу менен аткарууга мажбур болот. Андан кийин режиссер сахнага музыкантты чакырат, ал да өзүнө тиешелүү орунга барып олтурат. Анын милдети — скетч болуп жаткан учурда кырдаалга жараша музыка аткарып туруу. Андан сыткары актердун ассистенттери болот, алар керектүү жерде актерго жардам берип турушат. Бирок залда отурган коноктор да кокусунан сахнага чакырылып, бир нерселерди аткарып калууга даяр болуп туруусу зарыл. Ошентип кызыктын баары башталат”,- дейт автор. Долбоор комедия жанрында тартылууда. Жалпы узактыгы бир саатка чейин созулуп, кыргыз тилинде болот.